“Коррупция менен күрөшүү бийликке каршы сүйлөгөндөр үчүн гана иштеп жатат”. Мындай пикирди бүгүн, 15-октябрда Бишкекте өткөн тегерек столдо ишкер Ахунбай Кошоев билдирди. Ал коррупция менен күрөшүүдө эң биринчи президенттен күчтүү эрк талап кылынарын белгилейт.
“Экинчиден, иштөөгө жакшы шарт, туура мыйзамдар болушу керек. Үчүнчүдөн, 25 жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеп келе жаткан коррупционер адамдардан тазаланышыбыз керек. Өзү коррупцияга аралашкан болсо, кантип ал адам коррупцияга каршы күрөш жүргүзөт? Коррупция менен күрөш таптакыр жүргөн жок деп айтуудан алысмын. Кичине башталды, бирок ал бийликке каршы сүйлөгөн адамдар үчүн гана иштеп жатат. Коррупция менен күрөшүү иши тандалма жол менен жүрүүдө",- деди Кошоев.