“Жогорку Кеңештин V чакырылышы өзүнүн тарыхый миссиясын жыйынтыктады. Ал парламентаризм чөйрөсүндөгү өз ишмердүүлүгүн толук мөөнөттө өтөй алгандыгы менен эсте калды",- деп билдирди V чакырылыштагы парламенттин депутаты Айнуру Алтыбаева 15-октябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде.
Алтыбаева V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 5 жылда бир катар мыйзамдар менен токтомдорду иштеп чыкканын, 1377 мыйзамды караган болсо, анын 1140ы кабыл алынганын белгиледи. "Президент тарабынан алардын 1106сына кол коюлган. Алардын катарында Баатыр энелердин пенсиясына кошумча каражат таап, 1000 сомдук төлөмдөрдү чегерүү иши жүзөгө ашырылды. Ал эми энелер капиталы тууралуу маселеде да жакшы демилгелер көтөрүлүп, азыр бул багыттагы документтер Жогорку Кеңештин портфелинде турат",- деди ал.