Нарымбаев менен Коркмазовду сотко алып келишти, күбө Чыныбай Турсунбеков суракка алынды (фото)

Бүгүн, 15-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда коррупция боюнча айыпталган президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. 

Анын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Нарымбаев менен Назгүл Түлееванын жолугушуусуна эмне себептен чакырылганын айтып берди. "Февраль-март айларында Нариман Түлеевдин туугандары мага өз жердеши катары арестке алынган мүлк маселеси боюнча кайрылышкан. Мен Түлеевдердин жердеши катары жана депутат катары бул маселеге кызыкдар болгом, анткени Нарын эли менен жолугушканымда алар менден сөзсүз түрдө Түлеевдин маселеси жөнүндө сурашат. Мен Түлеевдин тууганына арыз жазып Данияр Ильичке (Нарымбаевге - ред.) жөнөтүүнү сунуштагам.

Экинчи жолу мен Данияр Ильичтин суранычы менен анын Назгүл Түлеева менен жолугушуусуна баргам. Жолугушуу май айында болгон. Түлеева туугандарынын мүлкү мыйзамсыз арестке алынганына нааразычылыгын айткан. Сүйлөшүү кыска болгон. Нарымбаев ага сотко кайрылуу керектигин айткан",- деди Турсунбеков.

Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан