№50-абактан качкан кылмышкерлердин колунан каза тапкан кызматкерлер Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархаттын үй-бүлөлөрүнө КРнын Президентинин фондунан 50 миң сомдон бөлүндү. Ошондой эле оор жаракат алган Тилек Абылгазиевдин үй-бүлөсүнө да 50 миң сом берилди. Бул тууралуу 15-октябрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн, дагы 4 кылмышкер изделип жатат. Кылмышкерлер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп чыгып кетишкен. Алардын колунан 3 кызматкер жан берсе, бири оор жаракат алган.