
* Мындан 28 жыл мурун, 1987-жылы "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы"
Каныкей Алымбекова Токмок шаарында туулуп, ошол эле жактагы №9-мектепти аяктаган. Ыр дүйнөсүнө 2005-жылы "Поющий город" сынагына катышкандан кийин аралашып, 2006-жылдан баштап "Каныкей" продюсердик долбоорун түзүп иштей баштаган. Ырчынын
репертуарындагы популярдуу ырлары: "Носонтэ", "Жүрөк сыздайт", "Коё бергин мени, кайгы", "Сарала", "Кара чаң", "Адаштым", "Көпөлөк", "Садагам", "Куурчак" ж.б.

* Мындан 161 жыл мурун, 1854-жылы түпкү теги ирландиялык болгон англиялык жазуучу, акын, философ
Оскар Уайльд Дублинде төрөлүп, куугунтукта жүрүп менингит оорусуна кабылып, 1900-жылы 30-ноябрда Парижде 46 жашында көз жумган. Оскар Уайльд 1881-жылы алгачкы "Стихотворения" жыйнагын жазган. Анын белгилүү жомоктору: "Юный король", "День рождения Инфанты", "Рыбак и его душа", "Мальчик-звезда" ж.б.

* Мындан 79 жыл мурун, 1936-жылы советтик киши өлтүргүч
Андрей Чикатило Украинанын Яблочное кыштагында туулган. Анын 1978-жылдан 1990-жылга чейин 53 адам өлтүргөнү далилденген. Андрей Чикатило "Кутурган жырткыч", "Ростов ич жаргычы", "Кызыл ич жаргыч", "Токой тилкесинен чыккан өлтүргүч", "X жараны", "Шайтан", "Советтик Жек-ич жаргыч" деген аттарга конгон.

* Мындан 32 жыл мурун, 1983-жылы швециялык ырчы
Лорин Швециянын Стокгольм шаарында төрөлгөн. Ырчынын толук аты-жөнү – Лорин Зинеб Нока Тальхауи. Ал 2012-жылы Азербайжандын Баку шаарында өткөн “Евровидение" сынагына катышкан. 42 мамлекет катышкан сынакта мыкты аткаруусу, өзгөчө бийи менен 372 добуш чогултуп, Лорин өзүнүн “Эйфория” аттуу ыры менен биринчи орунду жеңип, мекенине хрусталь микрофонду жана келерки жылы бул сынакты өткөрүү укугун алып кеткен.