Бишкекте Борбор Азиядагы Америка университетинин 1-курска расмий кабыл алуу салтанаты болуп өттү

Кечээ Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) 1-курска расмий кабыл алуу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу бизге аталган окуу жайдын басма сөз кызматынын жетекчиси Динара Орозбаева маалымат берди. Салтанатты АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары ачып, БААУнун президенти Эндрю Вахтель куттуктоо сөзүн суйлөдү. Андан соң 2-курстун студенттери расмий түрдө 1-курстун студенттерине ачкыч өткөрүп беришип, концерттик программага орун берилди. Атайын уюштурулган шоу-программа толугу менен аталган окуу жайдын студенттеринин ыр-бийлеринен куралды. Кечеге конок катары ЖКнын депутаттары, эл аралык уюмдардын жана ММКлардын өкүлдөрү чакырылганын кошумчалап кетебиз.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан