Владимир Путин КМШ "Ислам мамлекети" тобуна каршы күчтөнүшү керектигин айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиядан жана КМШга мүчө башка өлкөлөрдөн 7 миңдей жаран Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун курамында согушуп жүргөнүн айтты. 
Мындай пикирди Путин бүгүн, 16-октябрда Казакстанда өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчылар кеңешинин жыйынында билдирди. 
“КМШ өлкөлөрү, биринчиден, ички чек араларды катуу көзөмөлгө алышы керек. КМШнын Терроризмге каршы күрөшүү борборун болушунча күчтөндүрүп, атайын кызматтардын ишин координациялап, мамлекеттер аралык ыкчам маалымат менен алмашып туруу мүмкүнчүлүгүн түзүү зарыл. Азыркы учурда эл аралык терроризмге каршы турууда КМШ өлкөлөрүнүн биригиши актуалдуу маселелердин бири. Өзгөчө ички чек аралардын бекем сакталышын камсыз кылуу керек. “Ислам мамлекети” тобунун курамында согушкандардын Сириядан үйрөнгөнүн биздин өлкөлөрдө колдонушуна жол бербешибиз шарт”,- деди Путин.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан