Жылнаама, 17-октябрь: Мындан 43 жыл мурун түрк ырчысы Таркан туулган

* Мындан 98 жыл мурун, 1917-жылы опера ырчысы (лирика-драмалык сопрано) Сайра Кийизбаева Бишкек шаарынын Төкөлдөш тарабында туулган. Чыгармачылыгын 1936-жылы Кыргыз музыкалык драма театрында солист болуп иштөөдөн баштаган. Кийин бүт өмүрүн Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында өткөргөн. Согуш учурунда жарым жылча фронт аралап концерт берип, согуштан кийин Москва консерваториясынан музыкалык билимин өркүндөткөн.
1943-жылы Чайковскийдин "Евгений Онегин" операсында Татьянанын ролун жогорку чеберчилик менен аткарып, дасыккан аткаруучу катары таанылган. Операларда негизги партияларды аткарып, профессионалдык жогорку чекке жеткен. Ал музыкалык комедияларда да чебер ойногон ырчы-аткаруучу катары белгилүү болгон. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окутуучу, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда жеке ырдоо кафедрасынын башчысы жана профессору болгон. Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Ленин, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Сайра Кийизбаева 1988-жылы 71 жаш курагында бул дүйнөдөн өткөн.
 
* Мындан 43 жыл мурун, 1972-жылы түрк ырчысы Таркан Германияда туулган. Мектепти аяктаган соң инженер болуу максатында Стамбулга келип сынактан кулап калган. Таркан Стамбулда калууну туура көрүп, акча табыш үчүн майда тамактануучу жайларда ырдап иштей баштаган. Кийин кайрадан Германияга келип, 1992-жылы он беш ыры камтылган "Yine Sensiz" ("Дагы сенсиз") деген аталыштагы алгачкы альбому 700 миң нуска менен чыккан.
* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы украиналык ырчы, ди-джей, алып баруучу, “Пара нормальных” тобунун экс-солисти Иван Дорн Орусиянын Челябинск шаарында төрөлгөн. Иван 11-класста окуп жүргөндө апасынын сунушу менен Орусиянын "Жылдыздар фабрикасы-6" теледолбооруна катышып, алдынкы 20 катышуучунун катарын толуктаган. Аталган теледолбоордун акыркы турунда жеңилип калган.
2006-жылы Иван Киевдеги И.К.Карпенко-Карый атындагы Улуттук театр, кино жана телевидение университетинин кинематография факультетине тапшырат. Студент кезинде алып баруучулук жагынан өзүн сынамакка М1 телеканалына келип, көп ийгиликке жетишет. Дал ушул жайдан кесиптеши Анна Добрыдневаны жолуктуруп, экөө "Пара нормальных" дуэтин түзүшөт. 2008-жылы 4-октябрда аталган дуэт "Бактылуу аякташын ойлоп табам" ("Я придумаю happy end") ырлар жыйнагын жарыкка чыгарат. 2010-жылы Иван Дорн аталган топтон чыгып кеткен. Иван топтон кеткен себебин келишимдин бүткөндүгү жана жеке өзү мындан да чоң ийгиликтерди жаратып, бийиктиктерди багынта тургандыгы менен түшүндүргөн. Иван Дорн жеке ырчы катары "Стыцамэн", "Бигуди", "Түндүк жаркырагы" ("Северное сияние"), "Көк, сары, кызыл менен" ("Синими, жёлтыми, красными") ырлары менен белгилүү болгон.
17-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан