
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту кылмыш чөйрөсүнүн көрүнүктүү өкүлү
Камчы Көлбаевди 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Чечимге макул болбогон прокуратура шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. 24-декабрда экинчи инстанциядагы сот Көлбаевдин жазасын дагы 2 жыл 6 айга кыскартып, 3 жылга эркинен ажыраткан.
Камчы Көлбаев 2012-жылдын аягында "Манас" аэропортунан кармалып, ага карата кылмыш иши козголгон. Ага "адам уурдоо", "бийликтин өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү", "мыйзамсыз баңгизат сактоо" сыяктуу бир нече оор беренелер боюнча айып тагылган.

* Мындан 55 жыл мурун, 1960-жылы теги бельгиялык болгон америкалык актёр жана режиссёр
Жан-Клод Ван Дамм Бельгиянын Беркем-Сент-Агат аттуу жеринде туулган. Жан-Клод Ван Дамм жалпысынан 50дөн ашык тасмага тартылган. Алардын ийгиликтүүлөрү: "Кровавый спорт" (1988), "Кикбоксёр" (1989), "Самоволка" (1990), "Двойной удар" (1991), "Универсальный солдат" (1992), "Трудная мишень" (1993), "Патруль времени" (1994), "Ж.К.В.Д." (2008), "Неудержимые 2" (2012) ж.б.

* Мындан 42 жыл мурун, 1973-жылы орусиялык актёр
Сергей Безруков Москвада төрөлгөн. Сергей Безруковду көрүүчүлөр “Бригада” сериалы аркылуу Саша Белый деп тааный башташкан. 2002-жылдын сентябрь-октябрь айларында сериал жарыкка чыкса, жыл аягында актёр Орусиядагы “Жылдын жүзү” сынагында “Жылдын актёру” наамына ээ болгон. Ал эми 2008-жылы Безруков "Орусиянын Эл артисти" наамына татыган.
Сергей Безруков "Азазель", “Есенин”, “Участок”, "Московская сага", "Бой с тенью", "Мастер и Маргарита", "Поцелуй бабочки", "Пушкин. Последняя дуэль", "Карнавальная ночь-2, или Пятьдесят лет спустя", "Ирония судьбы. Продолжение", "Адмиралъ", "Мамы", "Джентльмены, удачи!" ж.б. тасмаларга тартылган.
* Мындан 8 жыл мурун, 2007-жылы Пакистанда ири теракт болгон. Мурунку премьер-министр Беназир Бхуттонун кортежи жардырылып, 130дан ашуун киши каза болуп, 500дөй адам ар кандай жаракат алган.

* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы орусиялык актёр
Василий Лыкшин көз жумган. Василий Лыкшин бул күнү "Ранетки" тасмасына тартылып бүткөндөн кийин кесиптештери менен коштошуп үйүнө келген. Уктоочу бөлмөгө кирип жаткан бойдон турган эмес. Ошентип, "Громовдор", "Акмактар" тасмаларындагы ролдору аркылуу белгилүү болгон Василий Лыкшин 22 жашында каза болгон.