Жылнаама, 19-октябрь: "Титаник" кемесиндеги оркестрде ойнолгон скрипка 2 жыл мурун 1,5 миллион долларга сатылган

* Мындан 69 жыл мурун, 1946-жылы комузчу, күүчү, ырчы жана аткаруучу Нурак Абдырахманов Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында туулган. Токмок шаарындагы Республикалык маданият окуу жайын бүтүргөн. Эмгек жолу өз айылында клуб башчысы болуу менен башталган.
Элдик жана башка авторлордун 100дөн ашык күүсүн черткен. Токтогул, Атай, Муса, Бектемирлердин жана башка элдик болуп кеткен ырларды чебер аткарган. Эл аралык көптөгөн фестивалдардын лауреаты. Анын аткаруусундагы музыкалык чыгармалар Японияда, Францияда, Чехияда, АКШда компакт-дисктерге жазылып, массалык нуска менен чыгарылган. Анын "Аттила хан", "Азаттык камбаркан", "Улуу тоолор", "Сары-Өзөк", "Найман эне" жана башка көптөгөн күүлөрү жана "Бул дүйнө", "Аппак сүйүү тартуула" сыяктуу обондуу ырлары бар. 2009-жылы "Нурактын күүлөрү" деген аталыш менен анын чыгармаларынын арасынан 17 залкар күүсү нотага түшүрүлүп, өзүнчө көлөмдүү китеп болуп чыккан. 
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Нурак Абдырахманов узак оорудан улам 2014-жылы 25-майда 67 жаш курагында дүйнө салган.
 
* Мындан 63 жыл мурун, 1952-жылы мексикалык актриса, ырчы, телеалпаруучу Вероника Кастро Мехикодо төрөлгөн. Актрисага атак-даңкты "Байлар да ыйлашат" жана “Жапайы Роза” аттуу сериалдары алып келген. Жалпысынан 40тан ашык тасмада башкы ролду жараткан актриса кийин кинодон бир аз четтеп, телеалпаруучулук менен алектенүүгө өткөн.
* Мындан 53 жыл мурун, 1962-жылы америкалык мушкер Эвандер Холифилд АКШнын Алабама штатындагы Этмор аттуу жеринде туулган. Эвандер Холифилдин 1997-жылкы Тайсон менен болгон таймашы бокс сүйүүчүлөрүнүн эсинде калган. Беттеште Темир Майк “темирлигинен” жазып, атаандашынын алгач оң кулагын, анан сол кулагын тиштеп алган. Натыйжада Тайсон жеңилүүгө учураган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы "Титаник" чөгүп жаткан убакта (1912-жыл) кемедеги оркестрдин жетекчиси Уоллес Хартли ойногон скрипка 900 миң фунт стерлингге, башкача айтканда, болжол менен 1,5 миллион долларга сатылган. Куткаруучулар Уоллес Хартлинин сөөгүн кеме чөккөндөн 10 күндөн кийин табышкан. Скрипка Уоллес Хартлинин көкүрөгүнө байлануу болгон. Ал Уоллес Хартлинин жакын адамы Мария Робинсонго өткөрүлүп берилген. Кийин скрипканын дайыны билинбей, 2006-жылы табылган.
19-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle
2015-10-19 00:31:15
Ошол скрипканы ойносоң, титаниктин ичине кирип кетесиң. Ошол себептен акчасы кымбат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан