18-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланат, тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автоунаа жолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз
+11°C, түнкүсүн +8°C
Талас облусу. Күндүз
+11°C, түнкүсүн +6°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +17°C, түнкүсүн +12°C
Баткен облусу. Күндүз
+16°C, түнкүсүн +9°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз
+14°C, түнкүсүн +7°C
Нарын облусу. Күндүз
+13°C, түнкүсүн +6°C
Бишкек шаары. Күндүз
+9°C, түнкүсүн +8°C