5-6-мартта Бишкекте оор атлетика боюнча жаштар арасында шаардын биринчилиги болуп өттү.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мелдешке 82 спортчу катышты. Анда Саламат Эмилов, Искендер Саламат уулу, Тимур Төрөбай уулу, Медер Маркаев жана Аскат Анардин уулу жеңүүчү болушту. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.