ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте кургап калган дарак Мерседестин үстүнө кулап түштү

Бүгүн эртең менен тынбай жааган жаандан улам Бишкектеги Айни жана Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде кургап калган дарак кулады. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, куураган дарак токтоп турган унааны басып калды, адамдар жабыркаган жок.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
aikol87
2015-10-18 13:48:00
Мэр каякты карап журот ушуга окшогон курагандарды кырктырбайбы,сакташпай
+4
Rifle
2015-10-19 00:33:21
aikol87, бир даракты кыркыш үчүн, бир китеп документ толтурат экенсиң. Аны да ар эшикке кирип жатып араң аласың.
+1
sagyn91
2015-10-18 13:51:31
Кыйып салышпайбы куурап калган бак дарактарды ошол жердеги эле жашоочулар баары биримдике келип кыюучуларды кутуп отурабербей.
+3
aidai88
2015-10-18 18:36:19
sagyn91ошол жердегилер кенешип эле кырка бере турган ал айыл эмес,кыркылган ар бир даракка жооп бересин сот аркылуу.Мээрдин оозу ачылбай ошону караш керек созсуз бир чыгаша алып келмейинче журо бербей
+4
kypchak80
2015-10-18 14:15:17
Мэр каякты карайт эле. Биринчи ошол жерде жашагандар куноолу... Эмнеге оздору айтып- кестирген эмес?!
+4
afonia8282
2015-10-18 17:40:57
kypchak80, тупатуура!!!
-1
kanykey125
2015-10-18 18:26:10
kypchak80, Мэр эмес.аны мусор жыйнаган коопсуздукка караган киши оз жумушун аткарыш керек.мыйндай дарак толтура болсо керек шаар ичинде.
+1
Decmond
2015-10-18 14:55:36
Жолдогу мусорлорду карагылачы ((((((
+1
EdikoKG
2015-10-18 15:15:59
Кургап калган дарактын алдына да машинаны койобу?
+1
tynystan
2015-10-18 15:38:01
Бишкектин кочолоруно башкача кыргызча наам берсе болбойбу айни пайни дебей
+4
RASTAMAN
2015-10-18 16:28:27
tynystan, депутаттар 5 жыл аралыгында ошол кочолордун аталыштарын озгортуп чыгат
+1
orhidea
2015-10-18 19:31:53
RASTAMAN, оздорунун атын койуп.
0
afonia8282
2015-10-18 17:39:02
Эми бак куласа дагы мэр виноват...ошол бакты жашоочулар кыйып койсо болотта..!!!Баардыгы кайдыгерлик мамиле кылганынан ушундай болду,ана эми соттошкула...
-2
nuriyaeljan
2015-10-18 17:51:18
Мерстин ээси эми мотопилка менен кыркып уюно отун камдап алса болот экен и так машинасын ондотот да расход кылып лобовою да кыйла турат эми
+3
Medina87
2015-10-18 18:32:31
Башкысы адам омуру кыйылбаптыр Кудайга шугур! Ал эми куураган даракты кыюу МЭРдин гана эмес ошол жерде жашагандардын деле м;Этаж уй экен домкомдун деле конулуно кетпегендери кызык экен. Себеби: Жазда, куздо куураган бутактарды кыйып, уйлордун арасын иретке келтируучу эле.
+1
Umar080814
2015-10-18 19:09:53
баарына адамзат озу куноолуу
0
Chubak3922
2015-10-18 19:35:56
Эчким эчнерсе билбейта туугандар качан кулай экенин кырсыкта
0
Kanat198816
2015-10-18 20:28:47
жакшы жандуулар аман экен ал машинаго табылат эгер адам болсо ошол келбети табылмак эмес мерге эмес призидентке арыздансанда келгиле тобоо кылып бул коментарини жабалы
0
Shat.88
2015-10-18 20:31:32
Куласа кулады да аны эмне глобальный проблема кылып атасынар бак эмес уйлор кулап атат кээ бир жерлерде.
-2
MAKALAK
2015-10-18 21:08:00
ушуну деле асанкайгылана бересинерби машина эмес дуйнодо канча адамдар олуп кетип атат кырсыктан
-1
Kanat198816
2015-10-18 22:02:35
MAKALAK, тобоо кылсан генебегендей кылып
0
shailoo2015
2015-10-19 08:43:15
МЕР..................
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан