Өкмөт башчы Темир Сариевдин тапшырмасы менен Талас облусундагы төө буурчактын баасына байланыштуу дыйкан-фермерлердин кайрылуусунан улам өкмөт алдындагы Монополияны жөнгө салуу агенттигинин төрагасы Болсунбек Казаков жана айыл чарба жана мелорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев 19-октябрда Талас облусуна жөнөп кетти.
Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, аталган жетекчилер төө буурчактын баасына байланыштуу жагдайды териштирип, дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Темир Сариев эгер төө буурчактын баасын атайлап төмөндөткөн ортомчулар аныкталса, мыйзамдын чегинде жоопкерчилигин кароону тапшырды.
"Өкмөт базар экономикасынын шартында айыл чарба продукцияларына бааны рыноктук суроо-талап аныктаарын жана учурда коңшу өлкөлөрдө да айрым айыл чарба продукцияларынын баасы төмөндөп жатканына көңүл бурууну эске салат.
Өз кезегинде өкмөт айыл чарба өндүрүүчүлөрдү жана дыйкан-фермерлерди колдоо жаатында жана өндүргөн продукциянын жогорку баада сатылышына шарт түзүү боюнча аракетти көрүп жатканын белгилейт.
Бул багытта жеңилдетилген насыялар жана айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу жана айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу боюнча жаңы ыкмаларды дыйкандарга жайылтуу жаатында иш жүрүүдө",- деп айтылат өкмөттүк аппараттын маалыматында.