Коркмазов сотто: "Мен бул коррупциялык ишке аралашуудан баш тарткам, бирок Нариман Түлеевдин кызы болбой койгон"
"Мен бул коррупциялык ишке аралашуудан баш тарткам, бирок Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева болбой койгон",- деп айтты Хажимурат Коркмазов бүгүн, 19-октябрда өтүп жаткан соттук отурумда. Коркмазов Нариман Түлеевдин кызы Назгүлгө башка адам аркылуу бул ишти бүтүрүүнү сунуштаган. "Мен Назгүлгө "ушул иштен чарчадым, башка бирөө аркылуу эле жасагыла" десем болбой туруп алды, "сизден башка ишенгенибиз жок, сиз эле бүтүрүп бериңиз" деп. Анан айла жок мен депутаттык топтун жетекчиси катары, Нариман Түлеевди жакшы билген киши катары бул ишке аралаштым",- деди ал.