Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-октябрда мамлекетибиздеги социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
"Силердин баа жеткис эмгегиңер, жылуу камкордугуңар жана өз ишиңерге берилгендигиңер бүгүнкү күндө көп балалуу жана аз камсыздалган үй-бүлөлөргө, жалгыз бой карыларга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга жана ата-энесиз балдарга зарыл. Силер аларга оор күндөрдө жардам берип, эртеңки күнгө үмүт жана ишеним тартуулайсыңар",- деп башталган куттуктоодо тармактын кызматкерлеринин жашоодогу ролу, статусу баса белгиленет.
Президент кызматкерлерге бекем ден соолук, узак өмүр, жыргалчылык жана ийгиликтерди каалады.