20-октябрда түнкүсүн өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын күтүлөт, калган аймактарда жамгыр жаабайт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Чүй облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн 0°C
Талас облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн 0°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +17°C, түнкүсүн +2°C
Баткен облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн +1°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн +1°C
Нарын облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн -3°C
Бишкек шаары. Күндүз +13°C, түнкүсүн 0°C