Өкмөттө Жерди прикладдык изилдөөлөр боюнча институттун иликтөөлөрүн колдонуу жолдору талкууланды

Өкмөттө 19-октябрда Жерди прикладдык изилдөөлөр боюнча Борбор Азия институтунун иликтөөлөрүн колдонуу жолдору талкууланды. Аталган институттун башчысы Болот Молдобековдун билдиришинче, институт сеймология, суу ресурстарын изилдөө, жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, гляциология, климаттын өзгөрүшү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүдө.

Жыйынга катышкан өкмөт башчы Темир Сариев институттун иликтөөлөрү мамлекеттик органдар тарабынан жакшы колдонулбай жатканын белгилеп, мамлекеттик органдар менен байланышты күчөтүү зарылчылыгын билдирди. “Өкмөт илимий институт жана мекемелердин иликтөөлөрүнө таянып өз ишин жакшыртууга аракет кылышы керек. Бул жаатта Жерди прикладдык изилдөөлөр боюнча Борбор Азия институтунун изилдөөлөрүн активдүү колдонуу зарыл”,- деди Сариев.

Институттун маалыматтарын жана изилдөөлөрүн башка мамлекеттик органдардын колдонуу механизмдерин камтыган жобо иштеп чыгууну тапшырмасы берилгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан