Экономика министрлиги: Астанада ЕАЭБдин жаңы Бажы кодекси талкууланды

Астана шаарында өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын жыйынында 30дай документтин долбоору талкууланды. Экономика министринин билдиришинче, негизинен ЕАЭБдин негизги өнөктөштөрү менен соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү, уюмга мүчө мамлекеттердин экономикасын көтөрүүнүн негизги багыттары, биримдиктин алкагындагы техникалык жөнгө салуу жана кызмат көрсөтүү жолдору сүйлөшүлдү. 
"Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин мүчөлөрү бажы көзөмөлүн жөнөкөйлөштүрүүчү ЕАЭБдин жаңы Бажы кодексин, тышкы соода жүгүртүүгө жакшы шарттарды түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жалпысынан актуалдуу маселелер боюнча бирдиктүү пикирге келишти",- деп билдирет министрлик. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан