БШКда тизмеден чыгуу тууралуу арызга өздөрү кол койбогон талапкерлердин маселеси каралууда

Бүгүн, 20-октябрда БШКда тизмеден чыгуу тууралуу арызга өздөрү кол койбогон талапкерлердин маселеси каралууда. Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева баяндама жасап жатат.
Маалыматка караганда, "Өнүгүү" партиясынан Нургазы Айдаров өз колу менен кол койбогонун айтып чыккан. Ушундай эле билдирүүнү "Республика-Ата Журт" партиясынан 8 талапкер айткан.
"Бул талапкерлер 4-октябрдан кийин кол коюшпаганын айтышты. Менин оюмча, маселени кайрадан карап чыгуу керек",- деди Журабаева. 
БШКнын мүчөсү Р.Бекбасаров Гүлнара Журабаевага кайрылып: "Сиз ошол күнү партия мүчөлөрүн кабыл алып жатканда кат бар беле? Азыр эмненин негизинде кайра карап чыгууну сунуштап жатасыз?"- деди. Г.Журабаева кат кагаз түрүндө жазылбагандыгын айтты.
Төрага Т.Абдраимов: "Эч кимиси кол койгон катын карап көрүүнү суранып кат жазган эмес. Жөн эле оозеки кайрылган. Демек, биз жыйынга негизсиз чогулуп калган болобуз",- деген оюн айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан