"Республика-Ата Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер ага карата коркутуулар болуп жатканын айтты

Бүгүн, 20-октябрда "Республика-Ата Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер Аида Исмаилова өзүнүн атынан мандаттан баш тартуу тууралуу жасалма арыз жазылганын БШКда айтып берди. Ал 17-октябрга чейин кимдир бирөөлөр тарабынан коркутуулар болгонун билдирди. "Мен кайда болбоюн коркутуу болуп, артымдан бирөөлөр ээрчип жатышат. Алар менин арызга кол коюшумду талап кылышкан",- деди Исмаилова.
Маалым болгондой, А.Исмаилова 17-октябрда ИИМге кайрылып, 15-октябрь күнү анын макулдугусуз эле партиянын жооптуу кызматкерлери аны мандаттан четтетүү үчүн жасалма арыз жазышканын, ошондой эле арызга анын атынан жасалма кол коюшканын билдирген. 
18-октябрда материалдар каралып чыгып, арыздын негизинде ИИМдин Тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан