Бишкекте №38-мектептеги окуяны иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, премьер-министр Темир Сариев окуяга жол бергендерге карата катуу чараларды көрүүнү тапшырды. Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынын жетекчилиги жана машыктыруучуларынын жоопкерчилигин кароо тапшырмасы берилди. Ал эми окуучулардын ден соолугуна жана мектепке зыян келтиргендер жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектиги айтылды.
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева жетектеген мекемелер аралык комиссия 10 күндүн ичинде келечекте мындай окуялардын кайталанбашы үчүн билим берүү жаатындагы тарбиялык иштерди күчөтүү жана бул жааттагы системдүү иштерди карап чыгуу, окуяга себеп болгон жагдайларды жана шарттарды жок кылуу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгышы зарыл.