
Шайлоодон кийин "Республика - Ата Журт" партиясынын ички чыры токтобой жатат. Шайлоо алдында биригип, жарышка аттанган депутаттыкка талапкерлер шайлоодон кийин экиге бөлүнүп, мандат алчулар менен мандат тийбей калчулардын тиреши жаралды.
Көпчүлүктүн эсинде... Жарышка аттануу алдында "Республика - Ата Журттун" лидерлери шайлоодон кийин мандаттарды адилеттүү бөлүштүрүү тартиби иштелип чыкканын, талапкерлер моралдык жактан милдеттенме алышканын артыкчылык катары улам-улам кайталашкан эле.
"Биздин талапкерлер ант беришти, шайлоодон жетиштүү добуш ала албай калышса, тизмеден өз каалоолору менен чыгышат. "Берген антымдан тайсам, Кудай урсун! Балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын!" деп ант беришти. Биздин башка партиялардан өзгөчөлүгүбүз ушунда",- деген партиянын тең төрагасы Өмүрбек Бабанов.

Бирок шайлоодон кийинки кырдаал партия лидерлери күткөндөй болбоду. Алган добуштарына жараша орундарды бөлүштүрүүгө келгенде "ант-мантыңды билбейм, юридикалык жактан мени тизмеден чыгарып салууга акыңар жок" дешип, тизмеде алдыда турганы менен, мандатсыз калышына нааразылар чыкты. Алардын бири
Аида Исмаилова башында эч кандай арыз жазбаганын, тизмеден чыгуу ниети жоктугун, партия өкүлдөрү анын атынан жасалма арыз жазып кол коюшканын айтып чыгып, ИИМге кайрылды.
Партия аталган талапкердин ант бергендеги видеосун, жазган арызын, анын колу коюлган анттын текстин жарыялап, тизмеге илинбей калган талапкерлер бет тырмоочулук кылып жатышканын маалымдады. Партиянын басма сөз кызматынын билдиришинче, Исмаилова өз округунан жетиштүү добуш алган эмес.
Тизмеден чыгарылганына нааразы бир топ талапкер: Рада Түмөнбаева, Алиярбек Абжалиев, Жыргалбек Саматов жана башкалар бар. Алардын тизмеден чыгарылышына нааразы болуп жазган арыздары учурда соттук териштирүүдө.
Мейли, талаштын юридикалык түйүнүн партия, БШК, укук коргоо органдары биргелешип чечишип алышар... А бирок моралдык жагын караганда, азыраак сөз бар. Шайлоо алдындагы ант юридикалык күчкө ээ эмес болгон күндө да, абийир сотун тебелеп өтүү жакшы көрүнүш эмес. Жакшыбы, жаманбы, жагабы же жакпайбы, "шайлоодо өзүмдү көрсөтө албай калып, тизмеден чыгуудан баш тартсам, Кудай урсун, балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын" деген антты өз каалоолору менен айтып, анттын текстине бадырайта кол койгону - факт.
Президент, министрлер, депутаттар менен соттор кызматка киришер алдында ант беришет. Эгер депутат болуп калышса, жогорудагы "чырлуу" талапкерлер Жогорку Кеңештин трибунасынан кантип ант беришет? Алардын антына ким ишенет? Антка туруксуз адамдардын депутат болушун коомчулук кандай кабыл алат? Буларга азырынча жооп жок.