Бүгүн, 20-октябрда Москвада Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык Сотунун пленумунун отуруму өтүүдө. Анын жүрүшүндө 4 маанилүү маселени талкуулоо пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Отурумда "Төрагалар кеңеши менен чарбалык талаш-тартыштарды кароодо форс-мажордук жагдайларды аныктоо боюнча эл аралык сунуштоолорду иштеп чыгуу боюнча биргелешкен сунуштарды даярдоо тууралуу", "Элдештирүү жол-жобосундагы талаш-тартышты жөнгө салуу үчүн элдештирүүчүлөр боюнча сунушталган тизме", "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык Сотунун Ардак грамотасы менен сыйлоо", "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык Cотунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу" деген темалар боюнча баяндамалар окулуп жана башка маселелер талкууланат.