Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-октябрда белгилүү скульптор Тургунбай Садыковду 80 жылдык мааракеси менен куттуктады.
"Урматтуу Тургунбай Садыкович!
Сизди 80 жылдык мааракеңиз менен чын дилден куттуктайм. Сиз улуттук монументалдык искусствонун өнүгүшүнө зор салым коштуңуз. Мамлекеттин борбору - Бишкектин архитектуралык жасалгасын жакшыртууга көп күч жумшадыңыз. Сиздин колуңуз менен жасалган көптөгөн эстеликтер, монументтер жана комплекстер мамлекетибиздин тарыхын чагылдыруу менен өлкөбүздүн борборун көркүнө чыгарып турат",- деген президент скульптордун эмгектерин белгилейт.
Скульпторго бекем ден соолук, узун өмүр, бакубатчылык жана чыгармачылык ийгилик каалады.