Жылнаама, 22-октябрь: Мындан 50 жыл мурун Буратинонун ролу аркылуу атактуулукка жеткен актёр Дмитрий Иосифов туулган

* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы киши колдуу болгон Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин 300-400дөй жактоочусу Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтына пикетке чыккан. Алар премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылышкан. Пикетке чыккандарды маркум депутаттын агасы Рысбек Акматбаев баштап, алардын катарында тууган-уругу жана санаалаштары менен кошо спортчулар турушкан. Ушул эле күнү түштөн кийин "Ала-Тоо" аянтындагы пикетчилер менен Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Т.Айтбаев, ички иштер министри М.Суталинов, Бишкек ички иштер башкармалыгынын жетекчиси М.Конгантиев аянтка тигилген боз үй ичинен Рысбек Акматбаев менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Сүйлөшүү соңунда министр М.Суталинов пикетке чыккандарды түшүнө тургандыгын жана алар конституциялык укуктарына ылайык турушканын билдирген.
 
* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы Бишкек циркинде Орусия мамлекеттик циркинин үйрөтүүчүсү Дмитрий Потапов өзү үйрөтүп жүргөн аюунун колунан каза тапкан. Анын ээ-жаа бербей каарданганынын натыйжасында Потаповдун жардамчысы оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Аюуну Свердлов РИИБинин кызматкерлери атып өлтүрүшкөн.
* Мындан 50 жыл мурун, 1965-жылы Буратинонун ролу аркылуу атактуулукка жеткен советтик, беларустук жана орусиялык актёр, сценарист, режиссёр Дмитрий Иосифов Минскте туулган. Муз үстүндө бийлөө мектебинде жүргөнүндө Дмитрийди балдардын арасынан тандап алып эле Арлекинонун ролуна бекитип коюшкан. “Ичим ооруп жатат” деп качканына карабай кайра алып келип, Буратинонун ролун беришкен. Алгач тартылуудан баш тартып качып жүргөн болсо, мындан кийин анын жашоосу өзгөрүп, кинодон башканын баары кызыксыз болуп туюла баштаган. Буратинонун ролунан кийин “Красная шапочка”, “Капитан Сорви-Голова” тасмаларына да тартылган. Бир кезде “Приключения Буратино” фильминен тушоосу кесилген актёр режиссёрлук менен да алектенип, “Убойная сила” сериалына, “Последний герой”, “Двенадцать негритят” теледолбоорлоруна режиссёрлук кылган.
* Мындан 14 жыл мурун, 2001-жылы советтик жана орусиялык актёр, СССРдин Эл артисти Георгий Вицин 84 жашында оорудан улам Москвадагы ооруканалардын биринде көз жумган. 
Айрым маалыматтар боюнча, Георгий Вицин 1918-жылы 23-апрелде төрөлгөн болсо, айрымдарында 1917-жылдын 5-апрелинде төрөлгөн деп жазылган. Ал 1934-1935-жылдары Вахтангов атындагы Театралдык окуу жайда окуган. Кино жаатында дебютун 1944-жылы Сергей Эйзенштейндин "Иван Грозный" тасмасында эпизоддук роль менен жасаган. Ал эми атактуулук "Запасной игрок" тасмасындагы ролу аркылуу келген. Андан соң "Она вас любит!", "Композитор Глинка", "Белинский" тасмаларына тартылган. Ал эми атактуулуктун туу чокусуна Гайдайдын "Пёс Барбос и необычный кросс", "Самогонщики", "Операция „Ы“ и другие приключения Шурика", "Кавказская пленница, или Новые приключения Шурика" комедияларындагы ролу аркылуу жеткен. Георгий Вицин акыркы жолу 1994-жылы Андрей Бенкендорордун "Несколько любовных историй" аттуу тасмасында роль жараткан.
22-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2015-10-21 21:54:40
Бала кезимде Буратинону б.а.киносун жааанымдай жакшы корчумун. Ээз,балалык...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан