Нарын. “Супер-Инфонун” координаторуна шаардык мэрия ыраазычылык кат ыйгарды
Кыргыз Республикасынын
маалымат жана басма сөз күнүнө карата Нарын шаардык мэриясы жана депутаттардын
Нарын шаардык кеңеши “Супер-Инфо” гезитинин Нарын облусу боюнча координатору
Бакыт Болотакуновду ыраазычылык кат
менен сыйлады.
Ыраазычылык катта “Нарын
шаарынын социалдык- экономикалык өнүгүшүн массалык маалымат каражаттарына
чагылдырууда кошкон жигердүү салымыңыз үчүн Нарын шаардык мэриясы жана депутаттардын Нарын шаардык кеңеши
ыраазычылык билдирет. Эл кызматындагы жооптуу ишиңизге зор ийгиликтер жана
жетишкендиктер жарала беришине тилектешпиз,”- деп жазылган.