Малайзия телевидениесинде Кыргызстан тууралуу 11 сериядан турган документалдуу фильм көрсөтүлө баштады

18-октябрдан тарта Малайзиянын мамлекеттик "Al Hijrah" телеканалында белгилүү кинорежиссёр, фотограф жана саякатчы Захариз Хузайма (Zahariz Khuzaimah) тарткан Кыргызстан тууралуу 11 сериядан турган документалдуу фильм көрсөтүлө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги билдирди.
Документалдуу фильмде кыргыз элинин маданияты, жаратылышынын кооздугу жана тасма жаратуучунун тоодогу ат үстүндө жана лыжа менен болгон кызыктуу жана катаал саякаты чагылдырылган. Фильмде ошондой улуттук оюндар тууралуу эпизоддорго да кеңири орун берилген.

Захариз Хузайманын эмгегин Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов жогору баалап, Кыргызстандын позитивдүү имиджин жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн даңазалоого кошкон салымы үчүн мамлекетибиздин жетекчилигинин атынан чоң ыраазычылык билдирип, белектерди тапшырды.

Захариз Хузайма чыгармачылыгы менен турмуштук көз карашы айкалышкан инсан. Ал өзүн 21-кылымдын көчмөнү катары эсептейт жана жашоосун дүйнө кыдыруу менен өткөрүп келет. Белгилей кетчү нерсе, Захариз Хузайманын жубайы Мээрим аттуу кыргыз жараны. Жогоруда айтылган документалдуу фильмди жаратуу учурунда 1 жылдан ашык Кыргызстанда жашашкан.

Кыргызстандагы күз түстөрү
Кыргызстан - жылкычылардын мекени
Малайзиялыктардын Кыргызстанга болгон сапары
Салбуурун фестивалын малайзиялык саякатчы тартып алыптыр
Кыргызстанды кыдырган малайзиялык саякатчы
Бир аз Кыргызстан тууралуу
Бактылуу кыргыз эли
Куала Лумпурдан келген Захариз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан