Коррупция боюнча айыпталып жаткан Нарымбаев менен Коркмазовдун соту уланууда

Бүгүн, 22-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту коррупция боюнча айыпталып жаткан президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун ишин кароону улантууда. Учурда Нарымбаев менен Коркмазов сот залына алынып келип, судья өз ишин баштады. 
19-октябрда болгон сотто экөө бири-бирине карама-каршы көрсөтмө беришип, Коркмазов Нариман Түлеевдин жакындарынан алган 50 миң долларды Нарымбаевге алып барып бергенин айтса, Нарымбаев анын айткандары калп экенин билдирген. 
Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан