23-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт, күндүз Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда
жаан-чачын күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.
Чүй облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -3°C
Талас облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн 0°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +8°C, түнкүсүн +1°C
Баткен облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн +0°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -3°C
Нарын облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -1°C
Бишкек шаары. Күндүз +3°C, түнкүсүн -1°C