Кыргыз мамлекетинде "электрондук өкмөт" түзүүгө Орусия жардам бергени жатат. Бул тууралуу 22-октябрда КРнын Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамырканов журналисттер менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, бул боюнча Орусиянын Байланыш жана коммуникация министрлиги менен өлкөнүн Транспорт жана коммуникация министрлиги макулдашты.
"Орусиядан алынган макулдук бизге "Электрондук өкмөт" тутумун түзүүдө адистерди окутууга, маалымат коопсуздугун бекемдөөгө жана башкалар боюнча жардамын тийгизет. Быйылкы жылдын ноябрь-декабрь айларында эки өлкөнүн өкмөттөр аралык жыйыны болот. Анда бул макулдашуу жогорку деңгээлде бекемделет",- деди Мамырканов.
"Электрондук өкмөт" тутумуна быйыл 35 мамлекеттик орган, кийинки жылы 33 орган, жалпы 68 мамлекеттик мекеме кошулганы жатат. "Иштелип жаткан "2025" программасы боюнча 2020-жылга чейин электрондук тутумга кирүү үчүн инфраструктураны түзүү каралган. Ал эми 2025-жылы мамлекеттик органдар ага толугу менен өтөт",- деди ал.