Кылмышкер Итибаевди кармоодогу атышуу уланып жатканын кабарчыбыз билдирди
Түрмөдөн качкан кылмышкер Алтынбек Итибаев кармала элек. Окуя болуп жаткан жерден кабарчыбыз маалымдагандай, Достук кичи районунун бир аймагында атайын багыттагы жоокерлер кылмышкерди колго түшүрүү аракетин көрүшүүдө. Азырынча жыйынтык жок. Эскерте кетсек, шаардын Достук кичи районунун аймагында абактан качып издөөдө жүргөн Алтынбек Итибаевдикармоо операциясы жүрүүдө. Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич 1977-жылы Ош шаарында туулган.
Улуту - кыргыз, буга чейин соттолгон. Бою 170-175 сантиметр.
"Жайшүл-Махди" экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү. 2013-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту "экс-депутат Санжар Кадыралиевди атып өлтүргөн" деген айыптоо мененөмүр бою эркинен ажыраткан.