“Республика - Ата Журттун” тизмесинен депутаттыкка талапкерлер Алиярбек Абжалиев менен Закир Шараповдун арызын Жогорку Сот 22-октябрда болгон соттук отурумда канааттандырды. Алар БШКнын 15-октябрдагы аты аталган талапкерлерди тизмеден чыгарган чечимин жокко чыгарууну талап кылышкан эле. Соттук отурумдун жыйынтыгында Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Биринчи Май райондук сотунун чечими жокко чыгарылды.