22-октябрда өкмөт башчы Темир Сариев Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровдун, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Алик Мамыркуловдун, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) жана атайы прокуратура, ИИМ, Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат, ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
"Биз ЖАМК ишинин тутумун толугу менен кайрадан карап чыгуубуз зарыл. Тышкы өзгөртүүлөр гана орун алып, ал эми негизги көйгөйлөр көз жаздымда калууда. Кыска мөөнөт ичинде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын реформалоо боюнча пландын иштелип чыгышы жана анын киргизилиши зарыл",- деп белгиледи Сариев.
Премьер-министр ЖАМК төрагасына №50-түзөтүү мекемесиндеги кайгылуу окуянын себептерин аныктоо максатындагы иликтөөнү жыйынтыктоо милдетин койду. Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы кезде орун алган окуялар бул тутумдагы реформалардын зарылдыгынан кабар берет. Анын катарында ЖАМК айрым мекемелериндеги кадрдык саясатка өзгөртүү киргизүү, өз кызматтык милдеттерин канааттандырарлык аткара албаган жетекчилерди кызматтан бошотууга чейинки иш-аракеттер талап кылынарын билдирди.
Ошондой эле премьер-министр ченемдик-укуктук актыларга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тапшырды. ЖАМК тийиштүү мамлекеттик органдар менен ведомство аралык өз ара аракеттешүүнү регламенттештирген маселелерди кароосу зарыл экендиги белгиленди.