Ички иштер министри Мелис Турганбаев бүгүн, 23-октябрда маалымат жыйында кылмышкерлерди кармоо учурунда журналист Максат Орозумбетовдун сабалышы боюнча SUPER.KG порталынын суроосуна жооп берди. Министрге "Окуяны тартып жүргөн журналистти сабап, камерасын тартып алгыдай милициянын элден жашырган эмнеси бар?" деген суроо берилди.
Турганбаев: "Элден жашыра турган эч нерсебиз жок. Журналистти сабоо жана камераны тартып алуу боюнча эч кандай көрсөтмө берилген эмес. Ал жерде бир нече оперативдүү кызматкерлер камера менен тартып жүрүштү. Жазылган арыздын негизинде журналисттин сабалышын териштирип, жоголгон камерасын таап берүүгө убада беребиз",- деген жооп узатты.