Жогорку Сот БШКнын 6 талапкерди "Республика - Ата Журт" партиясынын тизмесинен чыгаруу боюнча чечимин жокко чыгарды

Жогорку Сот 22-23-октябрдагы соттук процесстердин жүрүшүндө “Республика - Ата Журттун” тизмесинен депутаттыкка талапкерлер Аида Исмаилова, Закир Шарапов, Алиярбек Абжалиев, Жыргалбек Саматов, Курманкул Зулушев жана Рада Туманбаевалардын жана "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын талапкери Н.Айдаровдун арызын канааттандырды. 

Алар БШКнын 15-октябрдагы аты аталган талапкерлерди тизмеден чыгарган чечимин жокко чыгарууну талап кылышкан эле. Соттук отурумдун жыйынтыгында Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими жокко чыгарылды. 

Соттук отурумдун жүрүшүндө талапкерлердин тизмеден чыгуу боюнча арызы парламенттик шайлоого чейин (шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өткөн), август айында жазылганы белгилүү болду. Талапкерлер шайлоого талапкер катары көрсөтүлүү үчүн эки тараптуу келишимдин негизинде арыз жазууга мажбур болушканын айтышты, бирок арызга дата коюлган эмес. Шайлоодо жетиштүү добуш албай калганда партиянын өкүлдөрү арызды БШКга беришкен.

Талапкерлердин өкүлдөрү мыйзамга таянып, тизмеден чыгуу боюнча арызды талапкер өзү же нотариус тарабынан бекитилген ишенимдүү жак алып келиши керектигин айтышты. БШКга арызды партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү алып келгени жана арыз жазылган дата өз алдынча белгисиз адамдар тарабынан коюлгандыгы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан