Талас. Төө буурчак уурдоо боюнча шектүү кармалып, сурак берүүдө
8-ноябрда Кара-Буура районунун Чымкент айылынын тургуну Бексултан Кушубаковдун кампасынан 17 кап "Лопатка" сортундагы төө буурчагы белгисиз адамдар тарабынан уурдалган.
Ушул эле күнү Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын тургуну Асылкан Умарбекованын үйүнөн жарым кап "Лопатка" сортундагы төө буурчакка кошо 1 булгаары күрмө, велосипед уурдалган.
Бул 2 уурулук боюнча кылмыш иши козголуп, издөө амалдары жүрүүдө.
Ал эми 2012-жылдын 16-октябрында Кара-Буура районунун Шекер айылынын тургуну Темир Малайбековдун короосунан 40 килограмм төө буурчак жоголгону жарыяланган эле. Бул иш боюнча мурда соттолбогон Шекер айылынын тургуну, 1983-жылы туулган М.Р. кармалып, сурак берүүдө.