2015-жылдын 9 айында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 301 долбоору каржыланды. Бул тууралуу 23-октябрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 1-октябрга карата республикалык бюджеттен 301 долбоорго 333 миллион 105 миң сом: мурун башталган 41 долбоорго 21 миллион 765 миң сом жана 260 жаңы долбоор үчүн 311 миллион 340 миң сом бөлүнгөн.
Облустар боюнча эң көп долбоорлор Жалал-Абадда (59), эң аз Баткенде (29) ишке ашырылган. Долбоорлордун көбү билим берүү секторуна (мектеп – 118, бала бакча - 77 ) багытталган болсо, саламаттыкты сактоо секторунда 4 долбоор ишке ашырылган.