* Мындан 73 жыл мурун, 1942-жылы кыргыздан чыккан кинорежиссёр айым Динара Асанова Фрунзеде туулган. Атасы Колдош Асанов согуштан кайтпай калган. Апасы Марзия Камалова көп жылдар бою “Советтик Кыргызстан” гезитинде иштеген.
Динара Асанова бала кезинен абдан аракетчил болгон. “Ленфильмде” иштеп, өмүрүндө 7 кинофильмди тасмага түшүргөн. Анын эң алгачкы “Тоңкулдактын башы оорубайт” фильми Румынияда өткөн дүйнөлүк кинофестивалда 1-орунду жеңип алып, Динара Асанованын ысымы кинорежиссёр катары дүйнөгө белгилүү болгон. Режиссёрдун “Тоңкулдактын башы оорубайт”, “Боз балдар”, “Сүйүктүүм жана кымбатым”, “Жан дүйнөнүн ачкычы” көркөм тасмалары дүйнөлүк кинонун алтын фондуна алынган. Динара Асанованын Распутиндин чыгармасы боюнча жараткан “Рудольфио” аттуу дипломдук иши да учурунда комиссия тарабынан жогору бааланган.
“BBC” телекомпаниясы Динара Асанова тууралуу “Динара Асанова” аттуу документалдуу фильм тарткан. Режиссёрдун туулган күнү жана каза болгон күнү “Ленфильм” киностудиясы тарабынан жыл сайын эскерилип, белгиленет.
Динара Асанова 1985-жылы 4-апрелде Мурманскиде лыжа тебүүчүлөрдүн мелдешин тартып жатып 42 жашында көз жумган. Сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.
* Мындан 104 жыл мурун, 1911-жылы советтик актёр жана режиссёр Аркадий Райкин Ригада төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң ата-энесинин каршы болгонуна карабай Ленинграддагы театралдык техникумга тапшырып, аны 1935-жылы бүтүргөн. 1957-жылы Аркадий Райкин "РСФСРдин Эл артисти", 1968-жылы "СССРдин Эл артисти" наамына ээ болгон.
Ал 1987-жылы 17-декабрда 76 жашында Москвада көз жумган
* Мындан 55 жыл мурун, 1960-жылы Байконур полигонунда Р-16 ракетасы учурууга даярдоо учурунда старт аянтчасында жарылып кеткен. Ошол замат 74 киши мүрт кетсе, 4 киши ооруканада каза болгон.
* Мындан 58 жыл мурун, 1957-жылы франциялык модельер Кристиан Диор 52 жаш курагында жүрөк оорусунан улам каза болгон. Диордун ишин улантуучу көптөгөн шакирттери болгон. Анын үйү бүгүнкү күндө эң чоң музейлердин бири. 1996-жылдан бери “Christian Dior” мода үйүнүн башкы модельери болуп Жон Галлиано дайындалат. Диорчулардын саны азыркы кезде 60 миң адамга жетет. Ал эми жылдык кирешеси 595 миллион еврону түзгөн мода үйүнүн өзүндө 3500 киши эмгектенет.
“Моданын атасы” деп сыймыктуу аталган сүрөтчү, дизайнер, модельер Кристиан Диор 1905-жылдын 21-январында Франциянын түндүк-батышында жайгашкан чакан Гранвиль шаарчасында туулган.
* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы Украинанын Рогатин шаарында түрк султаны Сулаймандын сүйүктүү жубайы Роксоланага арналып эстелик тургузулган, себеби ал украиналык болгон. Роксолананын өз аты Александра же Анастасия Гавриловна Лисовская болгон. Гаремде жашап калганда ал Хүррем деген атка ээ болгон. "Хүррем" деген сөз "күлүп турган" дегенди түшүндүрөт. Ал эми Роксолана деген аты "Роксолания" деген сөздөн улам келип чыккан. Роксолания – 16-кылымдагы Украинанын аталышы.