Жылнаама, 25-октябрь: Мындан 105 жыл мурун партиялык жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков туулган

* Мындан 105 жыл мурун, 1910-жылы партиялык жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков Лейлек районуна караштуу Коросоң айылында туулган. Шахтёрдун үй-бүлөсүнөн. 1918-жылдан Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкенттеги техникумду, Москвадан Пландоо институтун бүтүргөн.
Өзбек ССРинде 1936-1938-жылдары Мамлекеттик пландоо комитетинде экономист, 1939-1941-жылдары комитеттин төрагасынын орун басары, 1941-1944-жылдары агартуу министри, ЭКС төрагасынын орун басары, 1944-1945-жылдары КП БКнын катчысы болуп иштеген. 1945-1950-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы болгон. 1961-жылдан тартып Москвада Экономикалык советтин мүчөсү, Пландоо комитетинин аппаратында кызмат өтөгөн. КПССтин съездине делегат, СССР Жогорку Советинин бир нече чакырылышына депутат болгон.
2 Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуштун жана башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.
1979-жылы 69 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.

* Мындан 60 жыл мурун, 1955-жылы Хиросимага түшкөн атом бомбасынан жабыркаган япон кызы Садако Сасаки каза болгон.
1945-жылдын 6-августунда АКШнын куралдуу күчтөрү Экинчи дүйнөлүк согушта Япониянын Хиросима жана Нагосаки шаарларына атомдук бомба таштаган. Эки шаардын 170 миңдей тургуну өзөктүк куралдын айынан каза болгон. 
Садако Хиросимада атомдук бомба жарылганда 2 жашта эле. Апасы экөө жашаган үй жарылуунун эпицентринен 2 чакырым алыстыкта болсо да аман калганы ушул күнгө чейин таң каларлык, бирок Садаконун өмүрү узак болгон эмес. 10 жашында нурдануунун азабынан ооруканага кайрылууга аргасыз болгон. 
Япондордо илгертеден келе жаткан ишеним бар. Эгер адам кагаздан миң даана турна жасап, аны адамдарга тартууласа, каалаган тилеги орундалат. Мына ушул окуяны ооруканада дарыгерлер Садакого айтып бергенден кийин Садако колуна тийген кагаздан турналарды жасай баштайт. Япон кызы 644 гана турна жасаганга үлгүрүп, 11 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан. Анын достору Садаконун бүтпөй калган ишин бүтүрүп, кагаздан жасалган миң турнаны кыздын денеси менен кошо жерге беришкен. Анын турналарды жасап жаткандагы кыялы эмне болгондугун эч ким билбейт, бирок ошол күндөн баштап кагаздан жасалган миң турна тынчтыктын жана үмүттүн символуна айланган. Кийин Хиросима шаарында Садако Сасакинин урматына эки эстелик орнотулган. Ушул күнгө чейин ар кайсы өлкөдөн келген туристтер түстүү кагаздан турна жасап, эстеликтин алдына таштап кетишет. Ал эми ар жыл сайын 6-август күнү Садако Сасакини эскерүү үчүн көп өлкөлөрдө, анын ичинде кыргыз жеринде да кагаздан миң турна жасалып, Хиросима шаарына жөнөтүлүп турат.

* Мындан 85 жыл мурун, 1930-жылы Саксония автоунаа жолунда бир убакта 40 машинанын мотору иштебей калган. Бир сааттан кийин гана бузулган моторлор капысынан иштей баштагандыгы катталган.

* Мындан 31 жыл мурун, 1984-жылы америкалык поп ырчы Кэти Перри АКШнын Калифорния штатындагы Санта-Барбара шаарында төрөлгөн. Толук аты-жөнү – Кэтрин Элизабет Хадсон. Кэти Перри “The Beatles” тобунун 6 жумалык Billboard чартындагы рекордун “Мен кызды өптүм” ("I Kissed a Girl") аттуу ыры менен басып өтүп, аталган чартта 7 апта бою кармалып турган.

25-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
STAN_KG
2015-10-25 12:42:34
Бүгүн улуу инсан, коомдук жана мамлекеттик ишкер, кыргыздын түбөлүк сыймыктанаар уулу, саясий майданда жаштарга үлгү, өзгөчө адамгерчилиги менен тарыхтан өчпөс орун алган Исхак Раззаковдун туулган күнү. Мен бул жетекчинин китебин окуп, аны менен бирге иштеген, аны жакындан тааныган адамдардын пикирлерин окуп жатып, көзүмө жаш алдым. Мен да сиздей кыргыздын уулу болсом деп тилек кылып жашап келем Исхак Раззакович!
+1
KG_barsbek
2015-10-25 16:23:30
Исхак Раззаков Кыргызстандын тарыхында түбөлүк алтын тамгалар менен жазылып калчуу улуу инсан, келечектеги жана азыркы жаш муунга да, улуу муунга да үлгү боло алган, өз ишинин мыкты адиси болуу менен бирге мамлекеттик адилеттүү жетекчи бойдон жүрөктөн жүрөктөргө сакталып кала берет. Анын артында тукуму, баласы калбаса да, анын эмгегин көрөгөч кыргыз эли даңктап өтөт. Жараткан бизге дагы ушундай жетекчилерди берекөр! Кудайым жаткан жерин жайлуу кылып, бейишин берген болсун!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан