2015-жылдын 1-октябрына карата республикада салыктар боюнча карыздын суммасы 1 миллиард 275 миллион 100 миң сомду түздү. Мамлекеттик салык кызматынын билдиришинче, жыл башынан бери салык карыздары 45 миллион сомго кыскарды.
"Салык органдары тарабынан быйыл 9 айда төлөмдөрдү мажбурлап өндүрүү боюнча иштер жасалып, жыйынтыгында бюджетке 1 миллиард 687 миллион 600 миң сом киреше түштү. 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 95 миллион 200 миң сомго же 284,9 пайызга көп",- деп билдирет мекеме.
Маалыматка таянсак, быйыл 9 айда Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 35 миллиард 693 миллион 600 миң сом салык жыйналды. Өткөн жылга салыштырмалуу 5 миллиард 721 миллион 600 миң сомго көп.