* Мындан 62 жыл мурун, 1953-жылы депутат Хажимурат Коркмазов Чүй облусунун Аламүдүн районунда туулган. Жогорку билимдүү. 1985-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин юрист-укук таануучу адистиги боюнча бүтүргөн.
1995-2000-жылдары - Кыргыз Республикасынын I чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болгон.
1998-2000-жылдары Мыйзам чыгаруу жыйынынын Соттук-укуктук реформа боюнча комитетин жетектеген.
2000-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын II чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты;
2005-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын III чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты; 2006-2007-жылдары - Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетин жетектеген;
2007-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын IV чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты;
2007-2009-жылдары Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары; 2009-2010-жылдары Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук маселелери жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
2011-жылдын сентябрь айында “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп келген.
* Мындан 68 жыл мурун, 1947-жылы америкалык саясатчы, АКШнын 67-мамлекеттик катчысы, АКШнын 42-президенти Билл Клинтондун жубайы, АКШнын 44-биринчи айымы Хиллари Клинтон Чикагодо туулган. 1969-жылы бакалавр дипломун алган соң Йель университетинин юридикалык факультетине тапшырган. 1973-жылы укук боюнча доктор наамына ээ болгон. Болочок күйөөсү Билл Клинтон менен студенттик күндөрүнүн биринде таанышып, 1975-жылы үйлөнүшкөн. Балдарды коргоо фондунда жана юридикалык фирмаларда иштеп баштаган. АКШнын эң бай адамдарынын катарына кирет.
1998-жылы Билл Клинтондун Моника Левинскиге байланыштуу окуясынан кийин аз жерден импичмент жарыяланып кете жаздаган. Ошондой оор мезгилде Хиллари айым күйөөсү менен ажырашам дебестен, аны колдогон. 1980-жылы Челси аттуу кыздуу болгон.
* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы Москвадан Минскке учуп бараткан ВАЕ-125-800 учагы кырсыкка кабылып, 5 киши каза болгон.
26-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.