Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 23-октябрда билдирди.
Мамлекет башчынын куттуктоосу:
“Бул майрам мындан 17 жыл мурда түптөлгөнү менен, кыргыз дипломатиясынын тарыхы кылымдарды карыткан. Мекенге кызмат кылуунун байыркы салттарына таянып, сиздер Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эл аралык аренада бекем жана ырааттуулук менен коргоп, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди чечип, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу тышкы шарттарды түзүп келесиздер.
Биз бүгүн көз карандысыз тышкы саясатты түптөп, Кыргыз Республикасынын дипломатиясынын тарыхында жаңы барак ачып жатабыз. Чет элдик өнөктөштөр менен биз мурда болуп көрбөгөндөй тең ата катары диалог жүргүзө баштадык. Өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктарын коргоону эң башкы максат деп эсептейбиз.
Коңшу мамлекеттер жана Евразия мейкиндигиндеги салттуу регионалдык өнөктөштөрүбүз менен көп пландуу кызматташууну өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маанилүү приоритети болуп келген жана болуп кала берет. Алыскы чет мамлекеттер менен өз ара алакада өлкөбүздүн кызыкчылыктарын ырааттуулук менен илгерилетип жатабыз. Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын кулачы кеңейүүдө. Алдынкы араб жана Европа мамлекеттерине жасаган маанилүү сапарлардын жыйынтыгы менен араб жана Европа багытында чечкиндүү кадамдарды жасадык. Өлкөбүзгө айрым ири мамлекеттердин лидерлеринин ийгиликтүү сапарлары Кыргыз Республикасынын имиджин бекемдөөгө жакшы өбөлгө түздү. Алдынкы эл аралык уюмдардын жана регионалдык бирикмелердин алкактарында ар тараптуу өз ара кызматташуу улантылып жатат.
Эл аралык кырдаал татаалдашып, тез алмашып жаткан шарттарда биздин дипломатиялык кызматтарыбыз мындан дагы жигердүү жана максаттуу аракеттенүүгө тийиш деп эсептейм. Ар бириңиздердин алдыңыздарда тышкы саясатта мамлекеттик багытты өз учурунда, натыйжалуу жана так ишке ашыруу боюнча стратегиялык милдеттер турат. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинде жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде Кыргыз Республикасынын төрагалык кылуу мезгилинде сиздердин жооптуу ишиңиздер өзгөчө мааниге ээ болот. 2016-жылы эл аралык эки ири иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү жана тышкы саясатта башталган багытты татыктуу улантуу Тышкы иштер министрлигинен уюшкандыкты жана республикабыздын бардык мамлекеттик органдарынын ишмердигин так координациялоону талап кылат. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери жана ага караштуу уюмдар, чет элдеги мекемелер алдыга коюлган милдеттерин ийгиликтүү аткарат деп ишенем.
Урматтуу дипломаттар, баарыңыздарга чың ден соолук, бак-таалай, күч-кубат жана өкөбүздүн жаркын келечеги үчүн жаңы жетишкендиктерди каалайм".