Милиция SUPER.KG порталынын журналистинин камерасын кайтарып берди

Кечээ, 22-октябрда Бишкектин Достук кичи районунда түрмөдөн качкан кылмышкер Алтынбек Итибаевди кармоо операциясы жүрдү. Окуяны тартып жүргөн SUPER.KG порталынын журналисти Максат Орозумбетовду бирөөлөр сабап, камерасын колунан жулуп кетишкен. Бүгүн кечке маал камера табылды, аны укук коргоо кызматкерлери кайтарып беришти.

Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев камера журналисттин колунан кантип алынганы боюнча өз версиясын айтты.

"Окуя болгондо мен ошол жерде болчумун. Бир мүнөткө жетпеген убакта эле болуп кетти, биз барып ажыраттык. Максат камераны бирөөгө бергендей болду. Мен анын таанышы го деп ойлодум. Кийин шекшип калып, балдарга айтып камераны алдырттым. Аны ургандар каза тапкандардын туугандары болушу мүмкүн, анткени алар биздин бир балабызды да ур-тепкиге алышты",- дейт РИИБ башчысы.

Ал эми кабарчыбыз камераны эч кимге карматпаганын, аны топтолгон балдардын бири колунан жулуп кеткенин билдирди.

"Камеранын жарыгын күйгүзүп окуяны тартып жатканымда, ары жактан бирөөлөр "өчүр-өчүр" деп чуркап келишип, мени муунтуп калышты. Чачымдан кармап алышып ур-тепкиге алышты. Башымды кучактап жатып калган учурда колумдан камераны жулуп кетишти. Милиция кызматкерлери тез эле келе калышкан жок. Бир нече жолу тепкилеп урганда жардамга чакырып кыйкыргандан кийин келип ажыратышты. Менин моюнумда "пресса" деген күбөлүгүм бар болчу. Камера тартып жаткан жер тыюу салынган территория эмес эле",- деп билдирди Максат Орозумбетов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан