"Жогорку Кеңештин аппаратында кызматка дайындалууда кызматкердин билими менен тажрыйбасы кылдат текшерилет". Муну парламент аппаратынын жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотовго шилтеме берүү менен ЖКнын маалымат кызматы 23-октябрда жарыялады.
"Адегенде бош кызмат орундарына сынак жарыяланат. Каалоочулар документтерин тапшыргандан кийин Мамлекеттик кадр кызматында тесттен өткөрүлөт. Андан соӊ Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссиядан өтөт. Ошентип, жаңы кызмат ордуна келе турган жарандын билими, топтогон тажрыйбасы кылдат текшерилет. Калган мыкты адистер ички резервге калтырылат да, кийин бошогон кызмат орундарына биринчи кезекте тартылат. Кыскасы, тууганчылык, жердешчилик аркылуу кабыл алууга бөгөт коюлуп, билимдүү жаштарды тартууга жакшы жагдай түзүлдү",- деп билдирет Шаболотов.
Аппарат кызматкерлеринин ээлеген кызматына ылайыктуулугун көзөмөлдөп туруу үчүн алар мезгил-мезгили менен Мамлекеттик кадр кызматынын алдындагы Тестирлөө борборуна тесттен өтүп турушары айтылды.