Өлкө башчы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчынын куттуктоосу:


"Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктарынын күнү менен куттуктайм!

Өлкөбүз өнүгүүнүн жаңы этабына өттү. Биз мамлекеттүүлүктү ырааттуулук менен бекемдеп жатабыз. Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрдүк. Демократияны бекемдеп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзгөчө орун берилген укуктук мамлекетти курууга умтулуудабыз.

Көп учурда элдин бийликке, жалпысынан мамлекетке болгон ишеними жергиликтүү өз алдынча башкарууга жараша болот. Сиздерде элдин турмушундагы маанилүү маселелерди чечүүгө жөндөмдүү болгон олуттуу күч бар. Бийликтин жер-жерлердеги тиреги катары элдин көйгөйлөрүн жакшы билесиздер. Биз дагы көп иштерди жасоого: жергиликтүү өз алдынча башкарууну бекемдөөгө, анын финансылык мүмкүндүктөрүн кеңейтүүгө тийишпиз. Жергиликтүү бийлик күчтүү болсо, өлкө күчтүү болот!

Cиздерде көптөгөн көйгөйлөр бар экенин билем. Тилекке каршы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрү мыйзамдарды бузган жана карапайым жарандардын укуктарын сактабаган учурлар кездешет. Өз алдынча башкаруу – өзүм билемдик эмес. Бул кырдаалды түп-тамырынан бери өзгөртүү керек. Адамдар ар бириңиздерди элге күнүмдүк маселелерин чечүүгө жардам берүүгө милдеттүү болгон, биринчи кезекте мыйзамды катуу сактаган мамлекеттин өкүлү деп билүүгө тийиш.

Биз элдин жашоосун жакшыртууга умтулуп жатабыз. Ар бир айылда, ар бир райондо, шаарда жана облуста жашоо жана бизнести өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү керек. Ар бир үйдө жылуулук жана жакшы шарттар, ал эми көчөлөрүбүз таза, коопсуз болушу зарыл.

Өзүбүз гана жашоону жакшыртып, татыктуу кыла алабыз. Ар бирибиз Ата Мекенибиздин патриоту болууга тийишпиз.

Биздин эң башкы максат – кубаттуу, өнүккөн Кыргыз Республикасын куруу. Бул иште сиздер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлери, олуттуу милдет өтөй аласыздар.

Сиздерге чың ден соолук, бак-таалай жана өлкөбүздүн келечеги үчүн жасап жаткан жооптуу ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан