Өкмөттө сууну үнөмдүү пайдалануу жолдору талкууланды

Өкмөттө 24-октябрда суу ресурстарын Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын эске алуу менен рационалдуу пайдалануу боюнча жыйын өтүп, ага мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, жыйында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев суу ресурстарын пайдалануу маселесине өлкөдө жана дүйнөдө көңүл буруу күчөп жатканын белгиледи. Суу агымынын азайышына байланыштуу мамлекеттик органдар сууну колдонууда мыйзамдын талаптарын катуу сакташы керектигин айтты.

Жыйынтыгында органдарга тийиштүү тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан