Бүгүн кыргыз өлкөсүнө Япониянын премьер-министри келет

Бүгүн, 26-октябрда Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ кыргыз өлкөсүнө келет. Иш сапарынын алкагында ал президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Темир Сариев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча абалды талкууга алышып, бир катар документтерге кол коюшат. Ал эми Япония өкмөтү тарабынан "Манас" аэропортун модернизациялоого 929,1 миллион сом гранттык негизде каражат берилүүсү күтүлүүдө. Ошондой эле Ош-Баткен-Исфана унаа жолун курууга да грант алуу каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан