Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 26-октябрда кыргыз өлкөсүнө расмий сапары менен келген Япониянын премьер-министри Синдзо Абэни аэропорттон тосуп алды. "Манас” аэропортундагы тосуп алууда Абэнин урматына ардактуу караул тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.
Андан кийин премьер-министрлер эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды жакшыртуу боюнча сөз жүрдү. "Кыргыз мамлекети менен Япониянын ортосунда көп тараптуу кызматташтык жигердүү түрдө өнүгүп жатат. Сиздин сапарыңыз бардык тармактагы кызматташтыкка дем берет деп ишенем. Япония кыргыз өлкөсүндөгү 2010-жылдан кийинки өзгөрүүлөрдү колдоп, көмөгүн көрсөтүп келет. Буга ыраазычылык билдиребиз”,- деди Сариев.
Синдзо Абэ өкмөт башчысы катары кыргыз жерине алгачкы жолу келип жатканын белгилеп, өз өлкөсү кыргыз мамлекети менен алакага чоң маани берерин билдирди. Эки өлкө ортосундагы кызматташтык жогорку нукта өнүгүп жатканын белгилеген Япониянын өкмөт башчысы кыргыз өлкөсү 4-октябрда парламенттик шайлоону демократиялык негизде өткөргөнүн жогору баалады. "Япония Кыргыз Республикасынын демократиялык өлкө куруу аракетин ар тараптуу колдоого алууну улантат",- деди Абэ.
Япониянын премьер-министри "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу өткөрдү.