Бүгүн, 26-октябрда Япония менен Кыргыз Республикасынын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду. Келишимдерге ылайык, Ош-Исфана-Баткен жолун оңдоо 117 миллион доллар жеңилдетилген насыя 40 жылга берилет. Ал келишимге кол коюлгандан тартып жолдордун абалын жакшыртуу иштери башталарын айтты. Ал эми "Манас" аэропортундагы жабдууларды жаңыртууга бериле турган 16 миллион доллар гранттык негизде экенин транспорт министри билдирди.